www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы – «Айгүл» АККсынын балансында турган бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткен. Аталган бала бакча комплекси мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.
«Социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүшүп, мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти. Бала бакча комплексинин пайдалуу аянты 1810 чарчы метр, жалпы аянты 0,65 гектар болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган«, — деп жазылат маалыматта.
Аталган объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан реконструкциялоо боюнча планга киргизилет.