www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский өзүнө Батыш Европанын таасир этүүсүнө жол берип, акыры өлкөнүн байлыктарын америкалыктарга өткөрүп берүүдө. Мындай пикирди Колумбиянын президенти Густаво Петро билдирди. Ал Украина менен АКШнын сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимин "Зеленскийдин акмакчылыгы" деп атады.

"Зеленскийдин акмакчылыгы – жана мен муну түз айтам – ал Батыш Европага өзүн башкартууга жол берди. Алар каякка барарын билишпейт: Гитлерге карайбы же белгисиз жаккабы. Алар өздөрүнүн славян бир туугандары менен согушуп, акырында Украинаны америкалыктарга өткөрүп беришүүдө. Акмакчылык!" – деп жазды Петро социалдык тармактагы X баракчасында, Украина менен АКШнын келишими тууралуу пикир билдирип жатып.

Шейшембиде Financial Times басылмасы Киев Вашингтондун 500 миллиард доллардык компенсация талап кылуусунан баш тартканынан кийин, АКШ менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча жаңы шарттарга макул болгонун жазды. Басылманын маалыматына ылайык, Зеленский жакынкы апталарда Вашингтонго барып, Дональд Трамп менен бирге минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшу мүмкүн. France Presse агенттиги бул иш-чара 28-февралда өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп 3-февралда Вашингтон Киевден каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүү боюнча кепилдиктерди күтүп жатканын айткан. Washington Post 14-февралда конгрессмендерге шилтеме берип, АКШнын расмий өкүлдөрү Мюнхендеги жолугушууда Зеленскийге Украинадагы казыла элек минералдык ресурстардын 50% укугун АКШга өткөрүп берүү боюнча документке кол коюуну сунушташканын маалымдаган.

Бирок Зеленский кийинки күнү АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске бул келишимге кол коюудан баш тартканын билдирген.

АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолц 22-февралда Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча сүйлөшүүлөргө кайтып келип, АКШга мурда берилген жардам үчүн компенсация катары келишим түзүүгө аргасыз болорун айтты. Ал Зеленский жакын арада макулдугун берерине ишенерин кошумчалады.

Последние новости