www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүү качанкыга чейин уланат? Мындай суроону депутат Дастан Бекешев бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевге берди.

Министр газ маселеси чечилмейин өчүрүлө берээрин билдирди. 

Депутат Бекешев министрдин жообуна канааттанган жок. 

"Бул жакта газдын кандай тиешеси бар? Мен так суроо бердим. Жарыкты өчүрүү качан токтойт?", - деди эл өкүлү.

Министр электр энергиясынын кубаттуулугунун көбөйүшү газ түтүктөрүндө басымдын түшүшүнө сөзсүз түрдө тиешеси бар деп жооп берди.

Ал эми, Газпромдун жетекчисинин орун басары Арзымат Алдаяров газдын басымы төмөндөбөгөнүн билдирди.

Министр Таалайбек Ибраев газдын басымы төмөндөгөнүн эл айтып жатат деди.

Дастан Бекешев улам жарыктын өчө берүүсүнөн элдин кан басымы да түшүп жатканын билдирди. 

Министр Ибраев сууктун күчү кайтмайын электр энергиясы өчүрүлө бере тургандыгын айтты.

"Өчүрүү графиги учурда түзүлдү. Маалыматты бардык сайттардан, администрациялардан жана айылдык кеңештерден алса болот", - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости