www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Украинага “Байрактар” учуучу аппараттарын саткан, ошол эле убакта Орусияга да “Байрактарын” сатты. Кызыгы, “Байрактардын” кайсынысы кыйын болду экен, Орусиядагыбы же Украинадагыбы? Түрк тилдүү мамлекет катары Түркия Кыргызстанга жакын мамлекет.  Кыргызстан Түркиядан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникаларын сатып алды. Ошол эле мезгилде түрктөр Тажикстандан да кол үзгөн жок. Алар түрк тилдүү болбосо да аскердик техникалар менен жабдып жатат. Кокус уруш чыгып кете турган болсо Түркиянын аскер техникасын эки тарап тең пайдаланат. Президенттин маалыматы жазгандай аскер техникалардын алды өлкөгө алып келинди. Мамлекеттик кызматкерлерге берилчү сый акылар өткөн жылдын аягында убактылуу токтотулуп, ал каражат коопсуздукту бекемдөө үчүн техника сатып алууга жумшалган: "Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү чыңдоого, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот", - дейт президенттин маалыматы.

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жыл сайын берилчү он үчүнчү эмгек акы жоюлбаганын, жыл аягында аны менен кошо сый акылар дагы берилерин кошумчалады. Кыргыз бийлиги коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-декабрдагы жыйында коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, быйыл 52,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын "Байрактар" учкучсуз аппараттарынын "Акынжы", андан кийин "Аксунгур" дрондорунун жанында түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Бирок атайын кызмат ал техникалардын алынышы тууралуу маалымат берген эмес. Сентябрь айында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылган. Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн "Байрактар" дрону тапшырылган.

Азыр Американын шайы ооп бараткандыктан, Американын ордун Түркия да ээлеп калганга умтулууда .Украин-орус чатагында ортого түшүп эки элди элдештиргиси келген Түркия. Акыркы мезгилде Түркия да салмактуу державалардын катарын толуктай баштады. Түркия НАТОдо анын жарым аймагы Европада жатса да Евросоюзга кабыл алышпай, алар менен чекилешип жүрөт. Негизи Евросоюзду алаканга салып турушкан Франция менен Германия кокус Түркия Евросоюзга кирсе чоңдугуна салып аларды тынчытып койот деп тынчсызданып жатса керек. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган орус элине, адабиятына жана искусствосуна салынган санкцияларга каршы экенин билдирди. Түрк лидеринин айтымында, динине, тегине жана терисинин түсүнө карап бөлгөн менталитеттин адамзатка жана цивилизацияга эч кандай тиешеси жок. Рак клеткасы сыяктуу коомдорду каптаган расизм оорусуна Батыш дүйнөсү эми каршы туруусу зарыл экенин баса белгилеген Эрдоган: "Биз Украинанын кароосуз калтырылышы сыяктуу,  орус элине, адабиятына, окуучуларына жана сүрөтчүлөрүнө карай бакшыларга аңчылык кылганга окшош аракеттерди кабыл албайбыз. Германияда филармония оркестринин дирижерун Путиндин досу экен деп кызматтан четтетишүүдө.  Аркы жагынан карап турсаңыздар, Достоевскийдин чыгармаларына Италияда жана башка Европа өлкөлөрүндө тыюу салынууда. Ушул кылымдын ушул маалында аларды көрүп, башыбыздан өткөрүү биз саясатчыларды чындап эле жердин түбүнө киргизип жатат. Бул фашисттик ишке ашыруулар топон менен саманды аралаштыргандай өч алуу жана жек көрүү  климатын күүлөө менен жаңы нааразычылыктарды жаратып, украин элинин мыйзамдуу күрөшүнө да көлөкө түшүрүүдө",-деп каңкуулады.

Түркия катары аймактагы кризистерге карата биринчи күндөн тартып сабырдуулукту сактап, принципиалдуу жана абийирдүү позицияны көрсөтүшкөнүн билдирген Эрдоган: "Биз өз өлкөсүндөгү согуштан, куугунтуктан качып, эшигибизге келген бир дагы адамдын тилине, динине, терисинин түсүнө караган жокпуз. Биздин улут дагы бир жолу адамдык сыноодон ийгиликтүү өттү",-деди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости