www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районундагы төрөт үйүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт.

Акылбек Жапаров белгилегендей, 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга бурулат.

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты, ошондой эле ишкананын жаңыланган диспансеринин ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, жыл ичинде бул диспансерде “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери даарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости