www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда

2023-жылдын башына карата 16 жашка чейинки балдары бар, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5,7%га кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Азайууга аз камсыз болгон калкты колдоо боюнча активдүү чаралар, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү менен шартталган.

2022-жылдын 1-январынан тарта «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучулар үчүн тариф айына 700 кВт саатка чейин керектөө менен 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан белгиленген.

Учурда 339,1 миң бала «Уй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алат. Бул республикада жашаган 2,4 миллион баланын 13,9 процентин тузет. Региондордун контекстинде бенефициарлардын бир аз өсүшү Баткен (0,7%) жана Ош (0,6%) облустарында катталган.

Аталган башкармалык өткөн жылы «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун орточо өлчөмү 52,2%га өсүп, ар бир балага 1316 сомду түзгөнүн эскертет. Өткөн жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бул жөлөк пул түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4903,3 миллион сом төлөп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости