www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жанар Акаев бүгүн, 19-январда парламенттин жыйынында өкмөт башчы Акылбек Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылды. Ал өз кайрылуусунда Казакстандын чет элдиктерге карата кабыл алынган жаңы эрежеси тууралуу сөз кылды. 

"Кечээ Казакстандын өкмөтү биздин он миңдеген мигранттарды түйшүккө сала турчу жаңы эреже кабыл алды. Ага ылайык, биздин жарандар Казакстанда 90 күн жүргөндөн кийин кайра 180 күн кире албайт. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарына тишелүү. 

Казакстанда эмгек миграциясында жүргөн 50 миңден ашуун мекендештерибиз бар. Алардын баардыгы бүгүндөн баштап Консулдукка кезекке туруп баштады.

Нурланбек Тургунбекович, жакында Казак Мажилисинин төрагасы келет. Анын иш сапарынын алкагында бул эреже Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок болгудай кылып, аталган буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизип бериңиздер деп кайрылат элем. 

Ал жактагы 7 миң мигрантыбыз гана убактылуу жашоо укугун алган. Ал эми 40 миңден ашуун мекендешибиз кайра кайтып келиши мүмкүн. 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров февраль айынын башында иш сапары менен Алма-Ата шаарына барат. Ал дагы аталган маселени оң тарапка чечип беришин суранам", - деди депутат Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости