www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында электр энергиясы 2030-жылга чейин ар жылы 1-майдан тартып тариф жогорулап турарын билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 27 тыйын, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көбөйөт.
Министр 2030-жылы тариф электр энергиясынын өздүк наркына теңелерин белгиледи.
Соңку жылдары Кыргызстандын жылдык керектөөсү 15-17 миллиард кВт/саат көлөмдү түзүп келген. Ошол эле маалда өлкөдөгү станциялар 12-14 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турган. Жетпеген энергия башка өлкөлөрдөн сатылып алынат.