www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрия 90 млрд евролук жардамга вето койду

Венгрия Евробиримдиктин Украинага 90 млрд евро көлөмүндө насыя берүү демилгесин колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу Financial Times жазды.

Маалыматка караганда, 20-февралдагы жолугушууда Венгрия ЕБдин бирдиктүү карыз чыгаруу сунушуна каршы чыккан. Пакетти бекитүү үчүн Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн баары макул болушу керек.

90 млрд евронун 60 млрд евросу аскердик жардамга, 30 млрд евросу Украинанын бюджетин колдоого багытталмак. Киев 2026-жылдын жаз айларында каржылык кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн экени айтылууда.

Бул кадам Евробиримдик ичинде пикир келишпестиктерди күчөттү.

Последние новости