www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр карантиндик чектөөлөр болоорун айтты

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө.

Абал курчуса, карантиндик чектөөлөр болушу ыктымал экенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев 18-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, карантин боюнча чечимдер коронавирустун жайылышына жараш кабыл алынышы мүмкүн:

«Абал абалды курчутуп ийбеш үчүн өтө кылдат болуу зарыл. Пандемия бүткөн жок. Карантин чараларын киргизүү, чектөөлөрдү баштоо сыяктуу маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша каралат. Калктын саламаттыгы үчүн кооптуу абал түзүлсө, убактылуу чектөөлөр болушу мүмкүн. Азыр да чектөөлөр менен жашап жатабыз. Маселен, мектептерде окуучулардын бир топ бөлүгү аралыктан окууда».

Үсөнбаев ар бир кыргызстандыкты жоопкерчиликти толук түшүнүүгө чакырды. Бет кап кийип, санитайзер колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус расмий табылганына туура бир жыл болду. 2020-жылы 18-мартта Кыргызстанда алгач ирет коронавирус жуктурган адам аныкталган.

Статистика боюнча акыркы суткада өлкөдө 98 адамда вирус жаңы аныкталып, каза болгон учур катталган жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты.

Азыр 347 киши ооруканаларда жатат. Анын 17синин абалы өтө оор, 85 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 337 адам үй шартында дарыланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости