www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Красноярск шаарынын тургуну 8-мартка караган түнү чогу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө, анын денесин бир нече бөлүккө бөлүп, муздаткычка жашырып койгон.

Алдын ала маалыматка таянсак, 7-марттан 8-мартка караган түнү 39 жаштагы аял 27 жаштагы шериги менен спирт ичимдигин ичкен. Ал түнү алардын ортосунда жаңжал чыккан. Ал аял кошунасын бычак менен сайып, кылмыштын изин жашыруу үчүн, денени бир нече бөлүккө бөлүп муздаткычка салып койгон, андан соң жүк ташуучу таксини чакырып, муздаткычты шаардан сыртка алып барууну суранган.

Алдын ала маалым болгондой, жолдо бара жатып, таксист эмне үчүн муздаткычтан кан агып жаткандыгын сурап, күмөндүү иш болгонун түшүнүп дароо милиция кызматкерлерин чакырган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, аял күнөөсүн мойнуна алган. Ага Адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөөчүлөр кылмыштын бардык жагдайларын аныктап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости