www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча жана милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнүн жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри К. Джунушалиев көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилет. Мыйзамдуулукту бузган ИИОнун кызматкерлерине карата ички иштер органдарынан бошотууга чейинки катуу чаралар көрүлөт.
Адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча жана милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнүн жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К. Джунушалиев өз көзөмөлүнө алган.
Аталган факты боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча кийинки иликтөөнү жүргүзүү үчүн Жайыл району боюнча МУККБга өткөрүлүп берилди.
Кечээ, 28-майда “Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды”, деген жергиликтүү ММКларда маалымат тараган.
Белгилей кетсек, маркумдун баш сөөгү ажырап кеткени сүрөттө так жана даана байкалып турат. Тилекке каршы алган оор жаратынан улам жеринен каза болгон, 20 жаштагы маркум Турдаалы кызы Бурулайдын бүгүн, 29-майда сөөгү жерге берилди.
Эске сала кетсек, Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.
Булак: NazarNews.kg