www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрымдар жетекчилик кызматка барганы ишти эмес, качан кетип калаарын анан кеткиче канча байлык топтоп алыш керектигин ойлонуп жатып чачтары агарып, ишти кылбай эле инфаркт болгон деңгээлге дейре жетишет. Алар үчүн эртеңки келечек, элдин жашоо абалы тыйынга арзыбайт. Эптеп байлык топтоо, тууган-туушкан, таяке-жээндерин кызматка коюу менен алектенишет.
Мындайларды ачык коом саясатын кабылдаган биздей өлкөлөрдө журналистика менен гана тизгиндөөгө аракет жасалат. Ошол эле маалда өз ишин аткарып, натыйжа чыгаргандар да жок эмес. Аракетке өтүп, артында жакшы сөз калтыргысы келгендер элди, эртеңки келечекти алдыга коюшат. Эсеби маселен, Транспорт, жана жолдор министри Жамшитбек Калилов тууралуу учурунда сын-пикир жазып келгенибиз чындык. Эгер ишинде кемчилик кетип жатса азыр деле сын айтабыз.
Бирок, иштеп, аракет кылып мурункуга салыштырмалуу министр катары чечкиндүү кадамдарды жасап жаткан Жамшитбек мырзага алкоо айтып койгонго неге болбосун. Өлкөнүн күрөө тамыры болгон жолдорду куруу, аны заман талабына ылайык оңдоп-түзөө оңой эмес. Ошентсе да алдыга карай аруу максаттагы аракети менен ишин жасап жаткан Жамшитбек мырзанын ишине ийгилик каалап туралы.
Булак: "Де-Факто"