www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода 19-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда министр Казакбаев Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун саламын жеткирди. Ал ошондой эле өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап мурда кабыл алган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди аткаруу милдеттемесин улантарын тактады.

Руслан Казакбаев Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелерди тактоону эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн делегацияларынын деңгээлинде тездетүүнү өтүндү.

Тараптар өкмөттөр, министрликтер жана облус-шаар жетекчилеринин деңгээлинде байланыштарды жандантуу темасын козгошту. Кохир Расулзода соода-алака, товарларды ташуу шарттарын жаратуу, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-транзиттик потенциалы жөнүндө кеп кылды.

Өз сөзүндө Тажикстандын премьер-министри Кыргызстандын ички саясатындагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп алышын каалады.

Тажикстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 19-ноябрда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган. Анда тараптар чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги 17-жыйынын 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү пландашты. Казакбаевдин Тажикстандагы сапары 20-ноябрда да уланат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости