www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки жылы электр энергиясынын тарифин жогорулатыш керек деп эсептейм. Мындай пикирин энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.

Аткаминер учурда экономиканын бардык тармагында баалар өскөнүн, бир гана электр кубатынын тарифи өзгөрбөй жатканын айтты.

"Белгилеп кетейин, быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүлбөйт. Президент Садыр Нургожоевич эл кыйналып турганда кымбаттатпай турууну тапшырган. Бирок кийинки жылы бааны көтөрүш керек деп эсептейм. Мисалы, эгер 2023-жылы энергетика тармагына республикалык бюджеттен субсидия кылбасак, эң төмөнкү тариф 1,5 сом болмок. Ал эми 2030-жылы дагы эки эсе кымбаттамак", — деди Бекмурзаев.

Ошондой эле министр элди энергетика тармагындагы көйгөйдү түшүнүп, кырдаалга жараша жасалган кадамдарды туура кабыл алууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости