www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Адилет Балтабай камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту блогер Адилет Балтабайдын СИЗОго камоо мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын тарапкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-июлда Балтабайдын жактоочусу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок тергөө судьясы жактоочунун өтүнүчүн четке кагып, блоггердин СИЗОдо камоо мөөнөтү бир айга узартылды.

Эске салсак, Адилет Балтабай буга чейин анын иши бурмаланганын, анын чыныгы мотиви коомдук-саясий маселелер боюнча активдүү позициясы экенин билдирген. Ал митингдерде казинолорду мыйзамдаштырууга жана кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы чыгып сүйлөгөн. Ал эки айга СИЗО-1ге камакка алынган.

Булак: Kaktus.media

Последние новости