www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШнын айткан «буюртмаларын» тоготуп да койгон жок

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Борбордук Азиядагы маанилүү темир жолу болуп эсептелет. Кытайдын South China Morning Post гезити АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин G20 жыйынында Орусияны колдогону үчүн Кытайдын дарегине айткан дооматтарына "Кошмо Штаттардын императордук маневрлары өздөрүнө эле залакасын тийгизиши ыктымал" деп жооп берген. Макалада "Блинкен өзүн АКШнын эле эмес, дүйнөнүн мамлекеттик катчысындай сезип алган" деп сыпатташкан. "Блинкен Пекинден Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоону токтотууну талап кылып, болбосо Вашингтондун каарына каларын айткан", — деп жазылат макалада.

Басылма Кошмо Штаттардын кастыгы Кытайдын дүйнөлүк аренадагы ийгилиги, туруктуулугу жана анын таасири менен шартталганын белгилеген."Вашингтондун империясы да ач көздүккө жана бийликке болгон умтулууга негизделген. Демократия жана ал коргойм деп жаткан адам укуктары жөн эле түстүү көшөгө болуп эсептелет", — деген South China Morning Post басылмасы.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинен эгер Кытай Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам бере турган болсо, өздөрү да жабыр тартып калышы мүмкүн деген таризде айтышкан. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс америкалыктар азырынча мындай аракеттерди байкабай эле турганын билдирип, бирок санкциялык режимдин сакталышын тыкыр көзөмөлдөп турушарын кошумчалаган.

Андан тышкары Кытай АКШдан Тайванга курал-жарак сатуу планынан баш тартууну жана алар менен бардык аскердик байланыштарын үзүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфейдин айтты. Кэфейдин айтымында, антпесе Тайвандагы тынчтык менен стабилдүүлүктүн бузулушу үчүн жоопкерчилик толугу менен АКШнын мойнуна жүктөлөт.

Өткөн аптада АКШнын коргонуу коопсуздугу жаатындагы агенттиги Мамлекеттик департамент Тайванга аскердик автоунаа жана танктарды оңдоо үчүн тетиктерди жана жабдууларды сатууну жактырганын билдирген. Агенттик бул Тайвандын коопсуздугун жогорулатууга жана аймактагы саясий туруктуулукту, аскердик тең салмактуулукту, экономиканы колдоого жардам берерин белгилеген.

"Акыркы убакта АКШ тарап Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын бир нече жолу айтып, ынандырган. Бирок курал сатуу маселесинде сөздөр иш-аракеттерге дал келбей турганын көрүп жатабыз. Кытай АКШдан Тайванга курал сатуу планынан токтоосуз түрдө баш тартууну, алар менен бардык аскерий байланыштарды үзүүнү талап кылат. Антпесе Пекин менен Вашингтондун ортосундагы аскердик мамилелердин, ошондой эле Тайвандагы тынчтыкты жана туруктуулукту бузуу жоопкерчилиги толугу менен АКШнын мойнуна жүктөлөт", — деген Кытай өкүлү.

Анын айтымында, Тайванга курал сатуу менен АКШ Кытайдын суверенитетине олуттуу зыян келтирип, аскердик чөйрөдө Кытай-Америка мамилесин бузат.

"Кытай буга караманча каршы", — деген ал.

Кэфей Кытайдын Элдик-боштондук армиясы өлкө суверенитетин коргоо үчүн бардык чараларды көрө турганын кошумчалаган.

Кытай Вашингтондон АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын жокко чыгарууну талап кылууда, анткени мындай визит “Бир Кытай” принцибине олуттуу түрдө каршы келет жана бардык кесепеттер үчүн жоопкерчиликти жалгыз АКШ көтөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян билдирди.

"Кытай Америка Кошмо Штаттарынан "Бир Кытай" принцибин жана үч биргелешкен АКШ-Кытай коммюникесин катуу сактоону, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын уюштурбоосун, бардык расмий мамилелерди токтотууну талап кылат. Тайвань менен жана Тайвань кысыгында чыңалууну токтотуу керек", - деди дипломат.

Ал белгилегендей, АКШ Пекиндин пикирине карабастан өз эркине ылайык иш-аракетин уланта берсе, Кытай сөзсүз түрдө өзүнүн улуттук эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн катуу чараларды көрөт жана анын кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик Кошмо Штаттарга жүктөлөт.

Чжао Лицзян Кытай АКШ менен Тайвандын өкүлдөрүнүн ар кандай расмий байланышы кабыл алынгыс экенин, эгер Пелоси аралга барса, бул "Бир Кытай” принцибинин бузулушу жана АКШ-Кытай үч биргелешкен келишими бузулат деп бир нече жолу билдиргенин айтты. Ошондой эле Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө олуттуу таасирин тийгизет. 

Тайвань 1949-жылы Чан Кайши (1887-1975) жетектеген Гоминдан күчтөрүнүн калдыктары Кытайдагы жарандык согушта жеңилип, аралга качкандан бери өз администрациясы тарабынан башкарылат. Ошондон бери Тайвань коммунисттер бийликке келгенге чейин материкте болгон мурдагы Кытай Республикасынын желегин жана башка атрибуттарын сактап калган.

Америка Кошмо Штаттары 1979-жылы Тайвань менен дипломатиялык байланыштарды үзүп, КЭР менен түзгөн. "Бир Кытай” саясатын таануу менен Вашингтон Тайбэйдин администрациясы менен мамилесин сактап, аралды курал менен камсыздап турат. 2020-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайдын Гонконгдогу кырдаалга байланыштуу Пекин менен тирешүүсү күчөгөн шартта Тайвань менен байланыштарды жана алмашууларды олуттуу түрдө активдештирген.

АКШ Тайвандын негизги курал жеткирүүчүсү. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Мамлекеттик департамент "Патриот" зениттик-ракеталык комплекстерин тейлөө боюнча 95 миллион долларлык келишимди жактырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости