www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин божомолунда, коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн. Өкмөт өкүлү «Азаттыкка» ага чейин бир миллион адамды эмдөө пландалып жатканын билдирди.

«Былтыркы алгачкы толкун май-июль айларына туура келген. Антитела бир жылга жетет. Демек, быйыл май-июнь айларында күчөшү мүмкүн. Бирок, биз аны токтотуп калууга аракет кылабыз», - деди министр.

Министрдин айтымында, Орусиядан «Спутник V» вакцинасын сатып алууга казынадан 215 миллион сом бөлүнгөн жана препарат жакын арада алынып келинет. Бейшеналиев вакцина сатып алууга демөөрчүлөр дагы изделип жататканын кошумчалады.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда «кызыл зонада», бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости