www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында өткөн «Талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүдө, чыр-чатактардын алдын алууда жана жөнгө салууда ортомчулуктун ролу» аттуу дебаттарда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр өз сөзүндө аймактык коопсуздукту чыңдоодогу кызматташтыктын маанисине токтолуп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы тарыхый жетишкендиктерин белгиледи.
Ал ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан «Чек арага байланыштуу талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясынын бир добуштан кабыл алынышы аймак мамлекеттеринин жетишкендиктерине берилген жогорку баа экенин айтты.
БУУнун жогорку трибунасынан сүйлөгөн Жээнбек Кулубаев Кыргызстан тынчтыкты, өз ара ишенимди жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытында бардык мүчө мамлекеттер менен иштөөгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, министр Кыргызстан бул жаатта практикалык тажрыйбага ээ экенин белгилеп, аймакта кеңири колдоого алынган конкреттүү иш-аракеттер программасын сунуштап жатканын маалымдады.