www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министрлиги NazarNews маалымат агенттигинде жарыяланган «Министр Купешовдун «купуя» буйруктары» аттуу макала боюнча комментарий берди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрликтен мыйзам бузуулар болгону тууралуу макала жарык көргөн.
Б.Ж. Керимбаевдин Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулушу боюнча:
Керимбаев Б.Ж. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык (мамлекеттик кызматта туруусунун чектик курагы 65 жаштан ашканына байланыштуу) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 15-июлундагы буйругу менен бошотулган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, буйрук менен тааныштыруу максатында Министрликтин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнөн кызматтык телефон аркылуу 2021-жылдын 15-июлунда Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Көчөрбаев А. менен байланышканда, ал Керимбаев Б. ошол күнү жумуш ордунда экенин жана акимдин чакыруусу менен Талас райондук мамлекеттик администрациясына кеткенин айткан. Министрликтин кызматкери буйруктун көчүрмөсүн Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн электрондук дарегине жиберип, буйрук менен Б. Керимбаевди кол койдуртуп тааныштырып, кайрадан жиберип коюуну өтүнгөн. Бирок Көчөрбаев А. менен кайрадан телефон аркылуу байланышканда ал Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратта электр жарыгы өчүп калып, буйрукту ала албай калганын айткан. Бул тууралуу тиешелүү акт түзүлүп, Актыларды каттоо жөнүндө журналга өз убагында түшүрүлгөн.
Бирок Керимбаев Б. министрликтин буйругу менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган. Биринчи инстанциядагы соттук териштирүүнүн натыйжасында Б. Керимбаевдин доо арызы канааттандырылган эмес.
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна жарыяланган ички сынак тууралуу жарыя боюнча:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 15-июлундагы буйругу менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде бош кызмат орунуна өз убагында ички сынак жарыяланган. Бирок кийинчерээк Керимбаев Б. доо арызы менен сотко кайрылганына байланыштуу сынак тууралуу жарыя Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан алынган. Ошол себептен жүрүп жаткан сынак өз убагында мыйзам чегинде токтотулган.
М. Берембаевага бөлүм башчынын функционалдык милдеттеринин убактылуу жүктөлүшү боюнча:
Керимбаев Б. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулганына байланыштуу анын функционалдык милдеттерин аткаруу аталган бөлүмдүн башкы адиси М. Берембаевага убактылуу жүктөлгөн.
М. Берембаевадан бөлүм башчынын функционалдык милдеттерин аткаруу жана кол коюу укугу «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуунун негизинде Ж. Умарова 2022-жылдын 21-январында Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын функционалдык милдеттерин аткарууга киришкенде алынган.
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын функционалдык милдеттерин аткаруунун Ж.М. Умаровага убактылуу жүктөлүшү боюнча:
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларын дайындоо укугу райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин ыйгарым укугуна өткөрүлүп берилген. Тилекке каршы, тиешелүү ченемдик актылардын бекитиле электиги жана кызмат орунга дайындоо механизмдеринин иштелип чыга электиги Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн иштерин толук кандуу алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн чектеген. Министрлик Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүндө 2 эле кызматкер иштеп жатканын, аларга жалпысынан 65 билим берүү мекемеси менен иштешүүгө туура келип жатканын эске алып, бөлүмдүн ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында зарыл чараларды көргөн. Министрликтин тиешелүү буйругу менен Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын функционалдык милдеттерин аткаруу жаңы бөлүм башчы дайындалганга чейин Көк-Ой орто мектебинин директору Ж.М. Умаровага убактылуу жүктөлгөн.
Ж. Умарованы Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине тааныштыруу иш-чарасына министрликтин ички аудит секторунун жетектөөчү адиси К.Б. Аликеевдин "катышкандыгы" боюнча
Ж. Умарованы Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине Талас облустук усулдук билим берүү борборунун директору М. Дооронбеков тааныштырган. Ошол күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 19-январындагы №5/2 буйругу менен Талас облусуна иш сапары менен барган министрликтин ички аудит секторунун кызматкерлери: Жеңиш кызы Назира, Аликеев Кадырбек Бакай-Ата районундагы окуу жайларды текшерип жүрүшкөн.
Т.К. Тилекматовдун Талас облустук усулдук билим берүү борборунун директору кызмат ордунан бошотулушу боюнча:
Тилекматов Т.К. Талас облустук усулдук билим берүү борборунун директору кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык өз ыктыяры менен жазган арызынын негизинде министрликтин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №203/4 буйругу менен бошотулган. Бүгүнкү күндө ал билим берүү тармагында эмгектенбейт.
М.Д. Дооронбековдун Талас облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы кызмат ордуна дайындалышы боюнча:
Дооронбеков М.Д. Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Тартиптик комиссиясынын чечиминин негизинде министрликтин 2021-жылдын 9-августундагы №137/3 буйругу менен бошотулган. Бирок Дооронбеков М. бул буйрук чыккан кезде эмгекке жарамсыз экенин жүйө келтирип, буйрук менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (ишти процесстин кайсы баскычында болбосун жарашуу келишими менен бүтүрө алуу жөнүндөгү) 2021-жылдын 1-ноябрында министрлик менен М. Дооронбековдун ортосунда жарашуу келишими түзүлгөн. Ага ылайык министрликтин 2021-жылдын 2-ноябрындагы №209/4 буйругу менен Дооронбеков М. Талас облустук усулдук билим берүү борборунун директору кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.
Эске салсак, буга чейин биздин редакцияга окурман тарабынан келген «Министр Купешовдун «купуя» буйруктары» атту кат келип түшкөн.
Булак: NazarNews.kg