www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында Кыргызстандагы лицензиясы жок бардык жеке клиникалар жабыларын маалымдады.

Анын айтымында, 2022-жылы республика боюнча лицензиясы жок иштеген 2800 клиника аныкталган.

«Бирок мораторий киргизилгендиктен Башкы прокуратура ишти токтоткон. Биздин айрым кызматкерлерибиз прокуратурага чакырылып, кылмыш иштери козголгон. Бирок биз эми президент менен премьер-министрден уруксат алып, лицензиясы жок клиникаларды жабабыз», - деди министр.

Бейшеналиев дал ошол лицензиясы жок клиникаларда ар кандай вирустарды, инфекцияларды жуктуруп алуу катталып жатканын белгиледи. Ал бизнеске айланып кеткен стоматологиялык, косметологиялык жана гинекологиялык клиникалар эң чоң көйгөй болуп жатканын кошумчалады.

Последние новости