www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риддл, Европада жана Борбордук Азияда айлана-чөйрө маселелери боюнча Дүйнөлүк банктын практикалык менеджери Гаяне Минасян, айлана-чөйрө маселелери боюнча башкы адис, AQIP долбоорунун долбоордук тобунун жетекчиси Франк ван Вёрден, ошондой эле айлана-чөйрө маселелери боюнча башкы адис, AQIP долбоорунун долбоордук тобунун тең жетекчиси Айдай Баялиева менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Хью Риддл мырза Кыргыз Республикасынын экология тармагында жүргүзүлүп жаткан оң реформаларды жана биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, ар тараптуу колдоо жана натыйжалуу кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Өз сөзүндө министр М. Машиев климаттык күн тартиби боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, тоо күн тартибин ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көл көлдүн биосфералык аймагын сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Тараптар Кыргызстанда атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган 50 млн АКШ долларын түзгөн долбоорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча аймактардагы тазалоочу курулмаларды модернизациялоо, ошондой эле өлкөнүн биологиялык ресурстарын сактоо жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана активдештирүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.