www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында 2025-жылдагы саламаттык сактоо тутумунун ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга карата артыкчылыктарды аныктоо боюнча жыйынтыктоочу коллегия болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гулсункан Жунушалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык комитеттин төрайымынын орун басары Гулнара Баатырова, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндама жасалды. Анын ичинде мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, каржылоо, инфраструктураны модернизациялоо, санариптештирүү, нормативдик-укуктук жөнгө салуу жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери камтылды. Катышуучулар баштапкы медициналык-санитардык жардамды өркүндөтүү, региондорду кадрлар менен камсыз кылуу, медициналык жардамдын сапаты, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана калкты дары-дармек менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

https://egov.kg/kg/ministry/25/news/20193

 

Последние новости