www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Жалал-Абадка болгон иш-сапарынын алкагында эки имаратты ишке киргизди. Анын бири Ноокен райондук электр тармагы ишканасынын имараты капиталдык ремонттон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Өткөн жылы энергетика министри ишкананын тийиштүү жетекчилине эски имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жумушчуларга шарт түзүү тапшырмасын койгон.
Берилген тапшырмага ылайык, Ноокен райондук электр тармагынын эски имараты 2025-жылдын март айында оңдоого берилип, 8 айдын ичинде толугу менен заманбап имаратка айланды. Ишкана жалпы 130 орунга ылайыкташылган. Капиталдык ремонт “КУЭТ” АККнын өздүк каражаты тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 4.1 млн сомду түздү. Аталган имаратты оңдоп-түзөө иштерин түзүлгөн келишимге ылайык, "Көк-Таш” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды.
Маалыматка ылайык, Ноокен районун эски имараты 1960- жылы курулуп, жалпы 65 жыл колдонулуп, жараксыз абалга келген.
Жаңыланган имараттын ачылыш аземинде энергетика министри сөз сүйлөп, кесиптештерин заманбап талапка жооп берген имараттуу болушу менен куттуктап, эгерде энергетиктердин ишинде жетиштүү шарт түзүлсө, анда ар бир үйдө жарыктын туруктуулугу орун алаарын баса белгиледи.
“Бүгүн Жалал-Абаддын энергетиктери үчүн эки имаратты жаңылап, пайдаланууга берип жатабыз. Заманбап имаратта жумуш ордун түзүп, жеткиликтүү жабдуулар, атайын техникалар менен камсыздоо жетекчинин милдети. Энергетиктерде шарт болсо, анда ар бир үйдүн жылуулугу менен жарыгы өчпөй туруктуу болот. Андыктан акыркы 5 жылда энергетика тармагын өнүктүрүү, жаңылоо боюнча баардык аракеттерди көрүп жатабыз. Мындан ары дагы көп ийгиликтерди баарыбыз биргеликте багындырабыз. Ал үчүн эл алдында жоопкерчилик менен иш алып баралы. Элдин жарыгы өчпөсө, экономика өнүксө демек биздин жетишкендик деп билебиз”- деди министр.
Сөзүн улай министр калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда, авариялык учурларда ыкчам калыбына келтирүүдө энергетиктер үчүн “JAG” үлгүсүндөгү атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө Ноокен районун акими энергетиктердин эмгегин, калк үчүн кылган кызматын баалап, жергиликтүү тургундардын атынан ыраазычылын билдирди. Аны менен катар аким Таалайбек Ишенбеков райондук энергетика тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн министрге "Ак ниет эмгеги үчүн" төш белгисин ыйгарды.
Мындан тышкары энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында ишкана жетекчиси 2025-жылы аткарылган иштер, 2026-жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берди. Кызматкерлер тарабынан сунушталган айрым маселелерди министр жеринде чечип, кээ бирин тийиштүү жетекчилерге тапшырды.
Жаңыланган имараттын ачылыш аземине КРнын энергетика министри Т.Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, Райондун акими Таалайбек Ишенбеков, жергиликтүү тургундар жана энергетиктер катышты.