www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 даана кызматтык унааны тапшырды.
Ведомство жетекчиси Сыргабаев бул унаалар Турукташтыруу фондунун эсебинен алынганын жана алар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилгенин билдирди.
Ошондой эле, министр кызматкерлерди жаңы техникага этият мамиле кылуу менен кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан унаалар буга чейин “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-Изилдөө Институтуна да тапшырылган. Аталган автоунаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынган болчу.