www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр: Мектептерде 900гө жакын мугалим жетишпейт

Кыргызстандын мектептеринде 900гө жакын мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, негизинен орус тилдүү мектептерде кадрлар тартыш.

«Эки жыл мурун мен Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында орус тилинде мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо факультеттерин ачууну сунуштагам. Ал эми кыргыз тилдүү мектептерде предметтик мугалимдер жетиштүү», — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Ал белгилегендей, татыктуу эмгек акы кырдаалды өзгөртө алат, бирок жергиликтүү бийлик органдары да мугалимдерди тартууга жана кармап калууга кызыкдар болушу керек.

Догдуркүл Кендирбаева кошумчалагандай, коомдо пенсионерлер ордун жаш педагогдорго бошотуп бериши керек деген пикирлер көп айтылууда.

«Азыр чынында эле чоң маселе жаралды — бул пенсионерлердин иштеши. Жаңы Эмгек кодекси педагогикалык кызматкерлердин жашына чектөө койбойт. Биз артыкчылыктуу тартипте окуу сааттары менен жаш адистерди камсыздоону сунуштадык», — деп белгиледи Агартуу министри.

Последние новости