www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдык мааракесине карата куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Кадырман кыргызстандыктар! 

Ардактуу ардагерлер! 

Урматтуу кесиптештер!

Мындан туура 100 жыл мурда Кыргыз элинин тарыхында жаӊы барак ачылып, мамлекеттүүлүктүн, эгемендүүлүктүн алгачкы желаргысы сого баштагандыгы ырас. Дегеним, 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Кыргыз аймагы биринчи жолу өз алдынча мамлекеттик түзүлүштүн алкагына биригип, кыргыз мамлекетинин калыптануу процесси башталган.

Андан бери жылдар тургай, бүтүндөй кылым акты. Совет доорунун курамынан чыгып, анык көз карандысыз мамлекет болуубузда 1991-жылдын 31-августу өзгөчө роль ойноду. Бул кыргыз мамлекетинин тарыхындагы өзгөчө күн. Ал күнү Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ болду. Эгемендүүлүк айтууга жеңил сезилгени менен кыргыз элине оңой келген жок. Эгемендүүлүктү ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою эңсеп, ал үчүн күрөшүп келишкен. Андыктан эгемендүүлүк майрамы Кыргызстанда өлкөнүн эң маанилүү, негизги майрамдарынын бири. Бул күн биздин эркиндигибиздин, өз алдынчалыгыбыздын, өлкө катары, эл катары биримдигибиздин символу. Бул майрамга мамлекетибиздеги бир дагы башка майрамдар теңеле албайт. 

Эгемендүүлүк жөн гана келип калган жок. Анын улуу тарыхы бар. Быйыл биз, жалпы Кыргыз мамлекети Кыргызстандын Кара-Кыргыз автономиялуу облусу катары түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын – бир кезде жоголгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жанданышын белгилеп жатабыз. Анын кайра жаралуу жолу курч саясий күрөш менен коштолуп, узак жана татаал болгон. Аны тарых барактары кеңири ачып берүүдө. 

Андыктан, эркин жана бакубат өлкөбүздүн келечек муундары бабалардын баа жеткис белеги болгон мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо менен бирге бизден кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп беришибиз керек.

Мына ушул кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда ири ийгиликтер жаралып, дүйнө коомчулугуна мамлекетибиз мыкты жактарынан тааныла баштады. 

Албетте, эгемен өлкөнүн түптөлүшүндө, анын өсүп-өнүгүүсүндө ички тартипти камсыз кылуу, эл тынчтыгын сактоо чоӊ мааниге ээ. Мына ушул жооптуу милдет милиция деген сыймыктуу аталышта кызмат өтөп жаткан ар бириӊиздерге тапшырылган. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлери үлгүлүү кызматы менен ишмердикте бир топ ийгиликтерди жаратууда. Үстүбүздөгү жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү менен бирге Кыргыз Милициясы да түзүлүү тарыхынын 100 жылдыгын белгилеп жатат. 

Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Мекендештерибизге, анын ичинен Кыргыз милициясынын ар бир кызматкерине, ардагерине алардын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт таалай каалаймын. Мамлекетибизде дайыма биримдик, тынчтык бакубатчылык орноп, эркиндиктин желеги түбөлүккө желбирей берсин! Эгемен өлкөбүздүн келечеги кеӊ, ар бир атуулу бактылуу болсун! Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун! Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештерим!", - деп айтылат куттуктоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости