www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиевге генерал-полковник наамы ыйгарылды

Бүгүн, 31-августта УКМК төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге жогорку аскердик генерал-полковник наамы берилди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформа кылуу боюнча алгылыктуу иштерди жасаганын айтты.

“Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдары тамырын тереӊ жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай эбегейсиз иштерди жүргүзүп келе жатат”, — деди президент.

Садыр Жапаров 2021-жылы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, 2022-жылы “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргызстандын баатыры” наамын ыйгарган.

Последние новости