www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысына жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 19-сентябырнда Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине өткөргөн онлайн кеңешмеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерге токтолуп, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча талаптарды койду. Ошондой эле, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи. 

“Тез аранын ичинде айтылган кемчиликтерди жоюп, жергиликтүү бийлик, анын ичинде айыл өкмөттөр, айыл башчылар, тиешелүү мамлекеттик органдар, айдоочулар коому жана бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, жол кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтууну колго алыңыздар. Унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча жылдын башынан бери бир катар тапшырмаларды айтып, көрсөтмөлөрдү бергенбиз. Андыктан, алардын баарын аткарууга алып, иш жүргүзүңүздөр”,-деди өз сөзүндө ИИМ башчысы. 

Андан сырткары, Улан Ниязбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарууга жооптуу экендигин так жеткирип, ишмердикти уюштуруу жана көзөмөлдү күчөтүүгө катуу көңүл бурууну тапшырды. 

Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Последние новости