www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү аркылуу 2030-жылга чейин 9 негизги азык-түлүк азыктары менен республиканын калкын толук камсыздоого жетишүү каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин андан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу саясатынын негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү өнөр жайларын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат. 

Буга байланыштуу кайра иштетүү өнөр жайы жаатында 2040-жылга чейин өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн 50 пайызга жеткирүү милдети турат. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн 25 ири кайра иштетүү ишканаларын, 20 ири соода-логистикалык борборлорун түзүү, эл аралык стандартка ылайыкташкан 20 ири мал сою пункттарын уюштуруу пландалууда. Натыйжада 2030-жылга чейин 9 негизги азык-түлүк азыктары менен республиканын калкын толук камсыздоого жетишүү каралууда. 

Бүгүнкү күндө республикада 413 орто кайра иштетүүчү ишканалар, 10809 майда ишканалар, 249 мөмө-жемиш кампалары, 33 соода-логистикалык борборлор, 104 мал союу пункттары иштеп жатат. 

Алдыда кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын өркүндөтүү аркылуу, эл аралык стандартты киргизген өндүрүштүк ишканаларды 2 эсе көбөйтүүнүн натыйжасында жогорку кирешелүү айыл чарба азыктарынын экспортун жогорулатуу колго алынат. Мисалы, 650 балык өнөр жай ишканаларын түзүү менен балык продукциясынын экспортун 105 миң тоннага жеткирүү пландалып жатат. 

Мындан сырткары, баса белгилей кетчү жагдай, Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарга Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында соода-логистикалык борборлор, жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү багыттарын камтыган долбоорлор ишке ашырылууда.

Последние новости