www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

"Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып коюшум керек. Эгер биз аны азыркыдай иштетсек, 15-20-июлда ал жакта суу жок калат. Суу сактагыч беш дарыядан барган суу менен толот. Быйыл нормадан 50 пайызы гана келип жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал график боюнча кезектешип сугаруу жана скважинаны иштетүү", — деди министр.  

Аткаминер эл сууну өзү билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде гана иш алып барууну  белгиледи.  

"Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков.  

Эске салсак, буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости