www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда түрмөдө жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный президент Владимир Путиндин Женевада айткан сөздөрүнө жооп кайтарып, аны "калпычы" деп атады. Ал 17-июнда "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Путинди "калп айтпай кое албаган адам" деп мүнөздөдү.
"Тынымсыз жалган сүйлөйт. Дайыма ушундай. Чындыкка дал келген бир да сөздү айта албайт. Калпы чыгып калаарын билсе да, жакында айткан калпы жаңы калпына каршы келерин билсе да", - деп жазды Навальный.
Путин Навальный "шарттуу кесилген адам катары өзү тууралуу кабар берип турууга милдеттендирилгенин", ал Германияга дарыланууга кетүү менен бул жобону атайылап бузганын 16-июнда АКШ президенти Джо Байден менен сүйлөшүүсүнөн кийинки маалымат жыйынында айткан.
Орус президентинин мындай сөзү Навальныйдын талапкерлеринин кескин сынына кабылган.
45 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылганы белгилүү болгон. Бирок орус бийлиги мындай маалыматты четке каккан.
Навальный Берлиндеги клиникага жеткирилип, быйыл январда Москвага кайтканда камакка алынган жана 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg