www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттерин аэропорттон тосуп алган кыздардын кийими коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Кээ бирлери образды мактаса, башкалары сынга алышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, ардактуу конокторду көбүнчө шөкүлө кийген кыздар тосуп алышчу.
Анын айтымында, мында дизайнерлер бир нече варианттарды жана баш кийимди сунуш кылышкан. Ал бул образ Кыргызстанга жат эмес экенин белгиледи.
"Менин оюмча, мындай нерселерди жаңылоо керек. Дизайнерлер бир нече варианттарды көрсөтүштү. Кийим оймо-чиймелери, майда деталдары менен Борбордук Азиянын бардык маданий баалуулуктарын толук сүрөттөйт, баш кийимдин формасы бир аз башкачараак болушу мүмкүн, бирок бизде да ушундай болгон", – деди министр.
Эске салсак, 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттеринин консультативдик жолугушуусу өткөн.
Булак: NazarNews.kg