www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзү боюнча дедолларизация процесси башталды, эми аны токтотуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.
Өзүнүн Telegram каналында саясатчы доллар позициясын эмне себептен жоготуп баратканын тизмектеген. Анын айтымында, мезгил ченеми деген бар. Ага ылайык, ар бир дүйнөлүк валюта 100 жылдык мөөнөткө ээ.
Спикер доллар реалдуу товар жана ресурс менен камсыз болбогонун, бул валюта саясий тирештин инструменти катары колдонулуп жатканын белгилеген.
Дедолларизация процессине геосаясий мүнөздөгү өзгөрүүлөр да таасирин тийгизүүдө. Буга улуттук валюталарда эсептешүүлөрдүн өсүшү далил.
Володин доллардын ордун башка валюта толуктай турганын айтып, бул евро эмес, эгемендүү экономикасы бар мамлекеттердин валюталары боло турганын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg