www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы алгачкы расмий иш сапары менен өлкөгө келген Черногориянын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Анын жүрүшүндө Ж.Кулубаев кесиптешине Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан туруктуу өнүгүүгө жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталган кеңири масштабдагы саясий жана экономикалык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Айрыкча аймактык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга жана "Камбар-Ата-1" ГЭСин салууга өзгөчө көңүл бурулду.

Эки тараптуу күн тартибин кароого өтүү менен тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кыргызстан менен Черногориянын окшоштуктарын белгилешти. Анткени эки өлкө тең динамикалуу өнүгүп жаткан тоолуу мамлекеттер болуп, мол суу ресурстарына жана олуттуу туристтик потенциалга ээ. Бул алкакта министрлер гидроэнергетика жана "жашыл" экономика тармагындагы өнөктөштүктүн келечегине өзгөчө көңүл буруп, туризм жаатында тажрыйба алмашууну активдештирүү боюнча макулдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн маанилүү бөлүгү катары эки тараптуу мамилелерди институционалдык жактан чыңдоо маселелери каралды. Тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү деңгээлинде кызматташууну кеңейтүү, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана келишимдик-укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, биргелешкен «тоолуу күн тартибин» илгерилетүүнүн, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ушул алкакта кыргыз тарап черногориялык делегацияны VI дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына, ошондой эле алдыда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун практикалык жыйынтыгы катары эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2026–2027-жылдарга кызматташуу программасына жана дипломатиялык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Иш сапардын алкагында Черногориянын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин катышуусунда Кыргызстандагы Черногориянын Ардактуу консулдугунун ачылышы да болуп өттү. Бул консулдук эки өлкөнүн жарандары менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоодо практикалык көпүрө болууга багытталган.

Последние новости