www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын  кирип келүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө.

Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын Эпизоотияга каршы күрөшүү  башкармалыгынан кабарлашты.   
Бул иш-чара Жаныбарларды коргоонун дүйнөлүк уюмунун “Жер үстүндөгү айбанаттардын саламаттыгын сактоо кодексинин 2-бөлүмүнө («Коркунучтарды талдоо») жана 2.1-бөлүмчөсүндөгү «Импорттун коркунучтарын талдоо» талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо» ченемдеринин негизинде ишке ашырылууда.
Белгиленген талаптарга ылайык, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын козгогучтары, ошондой эле биологиялык коопсуздукка жооп бербеген жаныбарлардан алынган продукциялардын жана азык-түлүктүн Кыргыз Республикасынын аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча тиешелүү алдын-алуу чаралары көрүлөт. 

Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюмунун (WAHIS) маалымат тутумунда  жарыяланган расмий билдирүүлөргө ылайык, жаныбарлардын жугуштуу оорулары катталган өлкөлөр же аймактар боюнча эпизоотиялык кырдаалга баа берилет. Ошого ылайык, ал жактардан ташылып келүүчү жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. 

Бул иш-чаралар өлкө аймагында эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, ветеринардык жана биологиялык коопсуздукту камсыздоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун коргоого багытталган.
Министрлик жарандарды жана чарба жүргүзүүчү тараптарды ветеринардык-санитардык мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

 

Последние новости