www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасынын Президенти Жозе Рамуш-Орта менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап толук форматтагы эки тараптуу мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, кызматташуунун бекем саясий-укуктук базасын калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Тараптар саясий диалогду кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашып, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасынын ортосундагы байланыштарды активдештирүүгө, саясий консультацияларды уюштурууга жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даярдык тастыкталды.

Последние новости