www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп жетектеген АКШ администрациясы Евробиримдикке курал-жарак тармагында эскертүү берди. Бул тууралуу Politico Пентагондун маалыматына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, эгер Евробиримдик коргонуу саясатын жаңыртуу учурунда жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылык берсе, Вашингтон америкалык рынокко европалык компаниялардын кирүүсүн чектеши мүмкүн. АКШ Коргоо министрлиги америкалык ишканаларды ЕБ өлкөлөрүнүн коргонуу тендерлеринен четтеткен өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирди.

Пентагондун позициясы боюнча, европалык фирмалар АКШ рыногуна эркин кирип, ошол эле учурда америкалык компаниялар ЕБден сүрүлүп чыгышы адилеттүү эмес.

Эгер жаңы директивалар европалык өндүрүшчүлөрдү артыкчылыктуу абалга койсо, АКШ “Buy American” мыйзамынын алкагындагы эки тараптуу келишимдерди кайра карап чыгарын эскертти. Мындай кадам европалык коргонуу компаниялары үчүн америкалык рыноктун жабылышына алып келиши ыктымал.
Эксперттер бул маселе АКШ менен Евробиримдиктин ортосунда соода жана коопсуздук багытындагы жаңы талаштарды жаратышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Последние новости