www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Исландиянын Тышкы иштер министри Торгердур Катрин Гуннарсдоттир менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-исланд эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашып, соода, финансы, климаттык демилгелер, «жашыл» энергетика, билим берүү жана инвестициялар жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Ж.Кулубаев исланд тарапты 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өткөрүлө турган Экинчи Глобалдык тоо саммити «Бишкек+25» иш-чарасына катышууга чакырды. Министр Т.К.Гуннарсдоттир аталган иш-чараларга чоң кызыгуу билдирип, кызматташтык сунуштарын кылдаттык менен карап чыгууга даяр экенин тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ачык диалогду улантууга, кыргыз-исланд мамилелерин чыңдоого берилгендиктерин ырасташты, ошондой эле саясий консультацияларды уюштуруу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Последние новости