www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Жолугушуу Кыргызстандын ТИМ башчысынын февраль айында Лондон шаарына жасаган сапарынын жыйынтыктарын жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун механизмдерин кеңири талкуулоого арналды. Улуу Британияга болгон сапарга оң баа берип, Министр Ж.Кулубаев кызматташтык үчүн бекем негиз түзүлгөнүн белгиледи, ошондой эле саясий декларациялардан конкреттүү практикалык кадамдарды ишке ашырууга өтүүнүн зарылдыгын айтты.

Бул өңүттөн алганда соода-экономикалык кызматташтык жана инвестициялар маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл тоо-кен тармагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулуп, тактап айтканда, кен байлыктарды иштетүүгө британиялык инвестицияларды жана технологияларды тартуу перспективалары каралды.

Өкмөттүк делегациялар менен алмашууну жана бизнес-миссияларды уюштурууну кошо алганда, ар кандай деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу тажрыйбасын улантуу жана сапат жактан кеңейтүү макулдашылды.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Улуу Британиянын Парламентинин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү ниеттерин ырасташты. Конкреттүү кадам катары эки өлкөнүн парламентарийлеринин өз ара сапарларын уюштуруу боюнча сунуштар талкууланды.

Маектештер Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча да ой бөлүшүп, аймакта мүмкүн болушунча тез арада тынчтык орнотуу зарылдыгы боюнча жалпы пикир билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Лондондо жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара кызыкдарлык белгиленип, учурдагы маселелерди чечүү үчүн туруктуу байланыштарды сактоо тууралуу макулдашууга жетишилди.

Последние новости