www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында, П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Элдик ырдоо» жана «Фортепиано» номинацияларынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул иш-чара таланттуу жаштарды жана искусство өкүлдөрүн бириктирген маанилүү маданий окуя болуп саналат.
Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев, Республикасынын Дельфий комитетинин төрагасы, «Элдик ырдоо» номинациясынын калыстар тобунун төрагасы Анарбек Ибраев жана «Фортепиано» номинациясынын калыстар тобунун төрайымы Мадина Файзиева куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.
Алар өз сөздөрүндө Дельфий оюндардын жаштардын чыгармачылык потенциалын ачууда, улуттук маданиятты даңазалоодо жана эл аралык маданий кызматташууну чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ уникалдуу аянтча экенин белгилешти.
Номинациялардын ачылышы менен кызыктуу сынак программасына старт берилди. Сахнада элдик обондор жаңырып, таасирдүү вокалдык чыгармалар аткарылып, аспаптарды мыкты өздөштүргөн чеберчилик көрсөтүлүүдө.
Дельфий оюндар дагы бир ирет салт менен заманбап искусствонун айкалышкан ордосу экенин далилдеп, жаштар үчүн чыгармачылык диалогго жана кесиптик өсүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча экенин көрсөтүүдө.










