www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин ЖККУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушуусу өттү.

Тараптар учурдагы эл аралык кырдаал жана Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы абалдын өнүгүшү боюнча кеңири пикир алышты.

Башкы катчы учурдагы кырдаал жана келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу маалымат берди. Анын ичинде быйыл июнь айында Казан шаарында өткөрүү пландалган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле Секретариаттын ишмердүүлүгү жана ушул жылга пландалган Уюмдагы алдыдагы иш-чаралар тууралуу баяндалды.

Мындан тышкары, тараптар айрыкча заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында ЖККУнун ШКУ, КМШ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Последние новости