www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2014-жылдын 24-мартында Токмок шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан бою 2 метр болгон, «Гермес» деген каймана аты бар белгилүү кикбоксер Руслан Абасовдун машинесине жардыргыч зат коюлуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Ошондо ИИМ бул инцидент боюнча жакшы эле иш алып барып жаткандай коомчулукка аракет жасаган. Бирок, көп өтпөй ал иш сууп калган эле. Азыркыга чейин ИИМдин жүзүндөгү чиркөө болуп турган бул кылмыш иши боюнча маселе 2016-жылы кайрадан көтөрүлүп ошол жылдын 14-июнда ал кездеги Ички Иштер Министринин орун басары Данияр Абдыкадыров журналистерге маалымат жыйынынын куруп Руслан Абазовду өлтүрүүгө заказ кылган адам аныкталганын, бирок тергөөнүн шартына ылайык анын ысымын атоого болбой турганын билдирген эле.

Ошол эле маалымат жыйынында министрдин орун басары бул иш боюнча «Интер Линкс» мекемесинин ээси Дмитрий Цой менеи Камчы Көлбаевдин тууганы суракка чакырылып көрсөтмө бергендигин да айткан. Анткен менен көп өтпөй бул окуя тууралуу аракеттер кайрадан тынчып калган. Кечээ жакында Жогорку Кеңештин соңку жыйындарында Р. Абасовдун киши колдуу өлүмү боюнча кылмыш иши качан аягына чыгаары тууралуу маселе кайрадан көтөрүлүп, бул боюнча депутат У. Самаевдин суроосу түз эле ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевдин өзүнө сунулду.

Министр К.Жунушалиев депутаттын суроосуна жооп кылып, 2016-жылы ал министр болуп турганда аталган иш боюнча иш алып барганын, ошол жылдын аягына чейин кылмыш иш боюнча изделип жаткан кишилерди толук кармамакчы болгонун, бирок ага жетпей ал министрлик кызматтан алынып, аталган иш токтоп калганын айтты.

Эми ишти кайрадан жандандырып, анын аягына чыгаарын убада кылды. Кокус эле, «Баяман Эркинбаевди ким өлтүргөнүн мен билем, Рысбек Акматбаевди ким өлтүргөнүн мен билем» деп ар нерсени чарпыган айылдаш агасы Феликс Куловду туурабаса. Ошентсе да министр К.Жунушалиев парламенттин алдында анчалык ишенимдүү жооп бергенине караганда белгилүү кикбоксер Р. Абасовду ким өлтүргөнү жана аны өлтүрүүгө ким буюртма бергени тууралуу бир билгени бар окшобойбу.

Булак: “Айгай”

Последние новости