www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрдин мурунку орун басары КУУда декан болуп шайланды

Укук министринин мурунку орун басары Кынатбек Сманалиев Ж.Баласагын атындагы КУУнун укук факультетинин деканы болуп шайланды. Шайлоо 18-мартта өтүп, бул кызмат үчүн 3 талапкер ат салышкан.

Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Алахан билдирген маалымат боюнча, шайлоого факультеттеги 94 мугалим катышкан. Алгачкы жыйынтыктар боюнча, Кынатбек Сманалиев 53 добуш, Аида Жээналиева 21 добуш, Гүзел Камил кызы 18 добуш топтоду. Бир бюллетень жараксыз деп табылган.

Бул күнү университеттеги 18 факультеттин декандары шайланды. Алар шайлоо жыйынтыктары расмий бекитилгенден кийин кызматка киришет. Алгачкы жыйынтыктар боюнча декан болуп шайлангандар:

1.Кыргыз-Европа факультети — Анара Камалова;

2. Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети — Бактыгүл Баратова;

3. Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети — Рысбүбү Бейбутова;

4. Экономика факультети — Эркин Кулова;

5. Укук факультети — Кынатбек Сманалиев;

6. Орус жана славян филологиясы факультети — Нурайым Сардарбек кызы;

7. Кыргыз филологиясы факультети — Бактыбек Жайлообаев;

8. Кыргыз-Кытай факультети — Софья Апаева;

9. География, экология жана туризм факультети — Рыскүл Токторова;

10. Журналистика факультети — Ширин Костюк;

11. Биология факультети — Шафика Сулейманова;

12. Химия жана химиялык технология факультети — Роза Сарымзакова;

13. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети — Алайбек Шамшиев;

14. Чет тилдер факультети — Зухра Гузиева;

15. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети — Кундузгүл Базакеева;

16. Социалдык-гуманитардык илимдер факультети — Камчыбек уулу Мырзабек;

17. Педагогика факультети — Рахат Сулайманова;

18. Башкаруу жана бизнес факультети — Мээримгүл Керимкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости