www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленскийдин президенттик кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүү 21-мартта улантылышы керек деп билдирди. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маалымдаган. 

Маалыматка ылайык, Украиналык делегациянын өкүлү Strana.ua кабарчыларына кийинки айлампа дүйшөмбү күнү өтөөрүн билдирген. "Ооба, албетте. Эртең эртең менен. Кийинки айлампанын сүйлөшүүлөрү уюштурулат", - деген Подоляк. 

Эске салсак, Путиндин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүүнүн кийинки темасы Украинанын нейтралдуу статусу, ошондой эле, анын НАТОго кирбеши боюнча болушу мүмкүн деп билдирген.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский: "Эгер Путин сүйлөшүүлөрдөн баш тартса, демек Үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачылат", - деп маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости