www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатак боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угат.

Комитет ошондой эле Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 17-майындагы токтомунун аткарылышын карайт.

  • 27-январда тажик аскер кызматкерлери Ош — Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы бөлүгүн жаап салышкан. Тажик тарап Кыргызстандын аскер кызматкерлери турган жерди минометтор менен аткылашкан.
  • Чек арадагы окуядан улам жалпысынан 11 052 адам эвакуацияланган.
  • 28-январда Кыргызстан менен Тажикстан аскерлерин чыгарып кетүүнү макулдашкан.
  • Ошондой эле эки тарап чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын ишин кайра баштоо чечимин кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости