www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровдун атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди. Бул тууралуу Жогорку сот билдирет.
Маалыматта жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөнү белгиленген.
"Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жагдайга байланыштуу Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg