www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында "Кыргыз Республикасынын "Мектеп лигасы" долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жолугушуунун жүрүшүндө балдар жана өспүрүмдөр спорттун мындан ары өнүктүрүү, дене тарбия жана сергек жашоо образын жайылтуу маселелери талкууланды. Билим берүү жана илим министрлигине бир күндүк мөөнөттө "Мектеп лигасын" өткөрүү боюнча регламенттин долбоорун жактыруусу жана жаңы окуу жылдын башталышында Мектеп лигасына старт берүүсү тапшырылды.
Ошондой эле тиешелүү органдарга республиканын алыскы аймактарындагы мектеп командаларын долбоорго тартуу боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, "Мектеп лигасы" долбоору республиканын аймактарында спорттун мектептик командалык түрүн жайылтуу үчүн маанилүү. Келечекте мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү эл аралык мектептер аралык таймаштарга катышат.
Булак: NazarNews.kg