www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинага согушту токтотууга багытталган тынчтык келишиминин алкагында 15 жылга эсептелген коопсуздук кепилдиктерин сунуштады. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүдөн кийин билдирди.
Зеленскийдин айтымында, Киев бул кепилдиктердин мөөнөтү узагыраак болушун көздөйт. Ал коопсуздук чаралары 30-50 жылга чейин камтылышы керектигин айткан. Анын пикиринде, кепилдиктер болбосо, согуш толук аяктады деп айтууга болбойт. Анткени Орусия тараптан кайрадан агрессия коркунучу сакталууда.
АКШ менен Украинанын лидерлери 28-декабрда Флорида штатындагы Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясында жолугушуп, Украинадагы согушту токтотуу маселесин талкуулашкан. Жолугушуу “жемиштүү” деп бааланганы менен, олуттуу келишимге жетишилген жок.
Зеленский ошондой эле тынчтык планынын 20 пунктунун айрымдары боюнча пикир келишпестиктер бар экенин айтып, жакын арада Украина, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин жолугушуусун өткөрүүнү сунуштады.