www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда улуттук валютанын, башкача айтканда риалдын куну кескин төмөндөп, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу нааразычылык акциясы тутанды. Тегерандын борборунда эл көчөгө чыгып, экономикалык кыйынчылыктарга жана бийликке каршы ураандарды айтып кыйкырышты. Коопсуздук күчтөрү элди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим союлдарды колдонуп, демонстранттар менен кагылышуулар катталды.

Азыр бейрасмий валюта базарында 1 АКШ доллары 1,4 миллион риалга чейин жетти. Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе жогору. 

Кырдаалга байланыштуу Ирандын Борбордук банкынын башчысы Мохаммад Реза Фарзин кызматтан кетти. Президент Масуд Пезешкиандын өкүлү анын ордуна мурдагы экономика министри Абдолнасер Хемматинин дайындаларын билдирди.

Көчөгө чыккандар «диктаторго өлүм» деген ураандарды кыйкырышты. Бул ураандар 2022-жылы өлкөнү каптаган «Аял, жашоо, эркиндик» деген элдик толкундоолор маалында да айтылган.

Ирандын статистика мекемеси 28-декабрда өлкөдөгү инфляциянын деңгээли 52 пайызга жеткенин жарыялады. Ушул эле күнү президент Пезешкиан парламентке бюджеттин долбоорун сунуштап, инфляцияны ооздуктоого убада берди.

Последние новости